SerepTV Logo

"Бул сырбы?". Депутат казино боюнча мыйзамга добуш бергендердин тизмесин ала албай жатканын айтты

"Бул сырбы?". Депутат казино боюнча мыйзамга добуш бергендердин тизмесин ала албай жатканын айтты
Жогорку Кеӊештин Аппаратынын бөлүмү депутаттарга оюн-зоок жайлары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнүн басылган кагазын берген жок. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламент жыйынында билдирди. Ал вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге кайрылып, депутатка басма кагазын берүүнү тапшырды. «Алар спикер тыюу салды деп жатышат. Бул менин укугум. Бөлүмдүн кызматкерлеринен сураган эмнегедир ыңгайсыз. Же бул сырбы?" - деп Масалиев суроо узатты. Вице-спикер Сыдыгалиев депутаттар спикердин уруксаты менен аларын турганын айтты. «Мен да көргөн жокмун. Алар силерге келип көрсөтүп беришет», - деди вице-спикер.