SerepTV Logo

БШКга арыз берген 11 жаран президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

БШКга арыз берген 11 жаран президенттик шайлоого катышуудан баш тартты
Кечээ, 3-декабрда буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген 11 жаран президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШК кабарлады. Маалым болгондой, президенттик шайлоодон баш тарткандардын катарында Жамбыл Камчиев, Санжар Энназаров да бар. Белгилей кетсек, эгер президенттик шайлоого арыз берген жарандар бир пайыздан кем эмес добуш топтосо, тандоо бюллетендери даяр болгонго чейин талапкерлигин алып салса БШК арыз берген жарандардын 1 миллион сом күрөө акысын кайтарып берет. Бюллеттендер 2-январга чейин даярдалат. Алар өзүнүн документтерин 7-январга чейин кайтарып алууга укуктуу. Ал эми президенттик шайлоо 10-январда өтөт.
Unknown Author