БШК: Үч шаардагы кайра шайлоого 40 миллиондой сом жумшалат
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо үчүн 39-40 миллион сомго чукул каражат сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов "Азаттыккка" кабарлады.
"Жыйынтыгы жокко чыгарылган мурдагы шайлоого деле болжол менен ушундай суммадагы каражат кеткен. Бул ирет мындан да азырак коройбу деп турабыз. Себеби, биздин эсепке ылайык, шайлоо комиссиясынын кызматкерлери 40 күндөй эле иштейт. Ал эми мурдагы шайлоодо эки айдан ашык иштеген", - деди ал.
11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга казынадан 425 миллион сом жумшалган. Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарына жумшалган. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган.