SerepTV Logo

БШК Садыр Жапаровдун шайлоодо жеңишке жеткендигин расмий түрдө жарыялады

БШК Садыр Жапаровдун шайлоодо жеңишке жеткендигин расмий түрдө жарыялады
Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти деп жарыялады. Мындай чечим комиссия мүчөлөрүнүн кечээ, 20-январдагы отурумунда кабыл алынды. Расмий маалымат боюнча, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жалпы 1 миллион 105 миң 248 добуш топтогон. Бул добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 79,2 пайызын түзөт. Ал эми референдумдун жыйынтыгына келсек, 1 миллион 133 миң 485 жаран президенттик башкаруу формасын тандаган. Бул өз учурунда жалпы референдумга катышкандардын 81,3 пайызын түзөт. Шайлоо жана референдумдун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча токтомду БШКнын 10 мүчөсү колдосо, 2 мүчөсү каршы болушту. Гүлнара Журабаева менен Адилет Сатыгуловдун өзгөчө пикирин БШК эске алды.
edita