SerepTV Logo

БШК Максат Сабиров менен Гүлнара-Клара Саматтын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК Максат Сабиров менен Гүлнара-Клара Саматтын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Борбордук шайлоо комиссиясы Максат Сабиров менен Гүлнара-Клара Саматтын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Максат Сабиров кечээ, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттык мандатын тапшырарын айткан эле. Ал мындай чечимди жаш кадрларга ордун бошотуп берип жатканы менен түшүндүргөн болчу. Ал эми Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
edita