SerepTV Logo

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?
Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Ага ылайык, 13 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, жеңүүчү талапкерлерди бекитти. Алар: 1-, 3-, 4-, 6-, 7-, 8-, 9-, 12-, 14-, 17-, 18-, 19-, 21-, 23-, 25-шайлоо округдары. Мандат ээлери:  №1 Шайлоо округунан: Чыңгыз Ажибаев; Исманали Жороев; Камила Талиева. №3 Шайлоо округунан: Равшанбек Рысбаев; Жаныбек Аматов; Махабат Мавлянова. №4 Шайлоо округунан: Советбек Рустамбек уулу; Уланбек Жаанбаев; Нилуфар Алимжанова.  №6 Шайлоо округунан: Алтынбек Кудайбердиев; Бекмурза Эргешов; Салтанат Аманова.  №7 Шайлоо округунан: Алишер Козуев Абибиллаевич; Илимбек Кубанычбеков; Гүлай Машрапова. №8 Шайлоо округунан: Жанарбек Акаев; Уланбек Примов; Шайлоонун алгачкы жыйынтыктарында көп добуш алган делген Жылдызкан Жолдошеванын ордуна Нуржамал Төрөбекованы. №9 Шайлоо округунан: Азамжан Джалилов; Данияр Толонов; Ал эми добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча алдыда келаткан Ыргал Кадыралиеванын ордуна болсо Жылдыз Эгембердиеваны депутат катары каттады. Ошондой эле: №12 Шайлоо округунан: Бекмырза Чолпонбай уулу; Талайбек Масабиров; Жылдыз Курманалиева.  №14 Шайлоо округунан: Болотбек Борбиев; Кундузбек Сулайманов; Гүлшаркан Култаева. №17 Шайлоо округунан: Нурланбек Азыгалиев; Улукбек Узакбаев; Чолпон Эсенаманова. №18 Шайлоо округунан: Карим Ханджеза; Чомоев Бакыт; Гүлжан Сатиева.  №19 Шайлоо округунан: Абдылдабек Эгембердиев; Медербек Алиев; ЭдитаТайгараева.   №21 Шайлоо округунан: Куванычбек Конгантиев; Жаныбек Абиров; Жылдыз Садырбаева.  №23 Шайлоо округунан: Эльвира Сурабалдиева; Марлен Маматалиев; Умбеталы Кадыралиев. №25 Шайлоо округунан: Бахридин Шабазов; Бакыт Тентишев; Эркеайым Сейтказиевалар депутат болоору белгилүү болду. Кошумчалай кетсек, 8-декабрда БШК шайланган депутаттарга мурда ээлеген кызматтарын тапшырууга 3 күн убакыт берген.