БШК алдында ачкачылык жарыялап жаткандардын бирине Тез жардам чакырышты
Боршайкомдун алдында ачкачылык жарыялап жаткандардын биринин абалы начарлап, Тез жардам чакырышты. Бул тууралуу акциянын башка катышуучусу, Кыргызстандын коммунисттер партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаев соцтармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, медицина кызматкерлери катышуучулардын бирине ден соолугуна байланыштуу ачкачылык кармоого тыюу салышты.
«Бирок ал өзүнүн каршылык акциясын токтотууга макул болгон жок», - деп жазат Манапбаев.
12-апрелден тарта Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү БШКнын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.