Бообек Ажикеевге "генерал-лейтенант" жогорку аскердик наамы ыйгарылды
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
"Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Бообек Ажикеев бүгүн, 19-августта 60 жашка чыкты.