SerepTV Logo

"Болгону алып баруучусуңар", "Нормальный" сүйлөңүз". Депутат менен вице-спикердин кайым айтышуусу

"Болгону алып баруучусуңар", "Нормальный" сүйлөңүз". Депутат менен вице-спикердин кайым айтышуусу
Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айтыша кетти. "Урматтуу вице-спикерлер, силер алып барып жатканда депутаттарга аяр мамиле кылсаңар. Акылбек Тогузбаевичтин (ред. Түмөнбаев) сунушун добушка салып коюңуз", - деди депутат. "Түшүнгөн жокмун. Силерге дагы мындан артык кандай аяр мамиле жасоо керек?" - деп суроо салды вице-спикер. "Мени кайталатпаңыз. Кечээ көрдүк", - деди ага депутат. "Төрага айтып кетти. Ошол моментте төрагага айтпайт беле?" - деди вице-спикер. "Силер ал жерде болгону алып баруучусуңар. Ар бир депутатты сындап... Эч кандай башка депутаттан айырмаңар жок", - деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу. "Нормальный" сүйлөңүз. Макулбу? Мен сизге айтып коёюн. Эмне эле болуп жатасыңар?" - деди вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.
info