"Биз мыйзамга эмес, сизге каршы чыгып жатабыз". Комитет жыйынында Бакасов менен Примов кайым айтышты
"Биз мамлекеттин мыйзамдарына каршы чыккан жерибиз жок. Биз сиздин алып барууңузга каршы чыгып жатабыз", - деди депутат Улан Бакасов. Ал бул сөздү бүгүн, 29-майда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Улан Примовго карата айтты.
Депутат 12 жылдык билим берүү боюнча сөз кылды. "Эмне болду ошол. Өттүбү же өткөн жокпу?" - деди депутат.
"Өткөн жок, өзүңүз беш колдой билесиз", - деди Примов.
"Эмнеге өткөн жок?" - деп Шайлообек Атазов сурады.
"Ал маселе ачык боюнча турат. Кол жете элек", - деди Примов.
"Эмдиги комитетте карайбызбы?" деген Бакасовго Примовдун "буюрса" деген жообу жаккан жок.
"Комитет менчигиңиз эмес да, айтыңыз", - деди Бакасов.
"Менчигим эмес, мен өкмөттүн позициясына карап туруп, айтам. Эгер киргизе турган болсо, киргизишет, болбосо жок. Мен аларды "давай, киргиз" деп кантип айтам", - деди Примов.
"12 жылдык боюнча экөөбүздө пикир келишпестик чыгып жатат. Ошонун тагдырын айтыңыз", - деди Бакасов.
Андан соң комитеттин төрагасынын орун басары Лейла Лурова кесиптештерин кийинки маселеге өтүүгө чакырды. «Келгиле, комитеттин маселелерин комитеттин ичинде чечели», - деди ал.