SerepTV Logo

Бишкектин жаңы дайындалган мэри тууралуу эмне белгилүү? Анын өмүр баяны

Бишкектин жаңы дайындалган мэри тууралуу эмне белгилүү? Анын өмүр баяны
Бүгүн президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Бишкек шаарынын мэри болуп, Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Ал 1958-жылы 2-июнда Талас облусунда туулган. Эмгек жолун «Фрунзе энергострой» мамлекеттик мекемесинде жыгач устадан баштап, сантехник-слесарь болуп иштеген. 1982-1990-жылдары Свердлов районунун өндүрүштүк, турак жай-эксплуатациялык трестинин инженер-техникалык башкаруучусу. Кийинчерээк Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин өндүрүш жана турак жай башкармасынын начальниги, турак-жай коммуналдык чарба департаментинин директору болуп эмгектенген. 2002-2005-жылдары вице-мэр болуп иштеген. 2008-2010-жылдары - өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары. Ошондой эле ишкердик менен алектенет. 1990-2004-жылдары үч жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.