Бишкекте терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча КМШ конференциясы өттү
Бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалыгынын алкагында терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана КМШга мүчө мамлекеттердин Антитеррордук борбору уюштурду.
Конференцияга төмөндөгү жетекчилер катышты:
КМШга мүчө 8 мамлекеттин компетенттүү органдары (Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан);
КМШга мүчө болбогон ШКУга мүчө 4 мамлекеттин (Индия, Иран, Кытай, Пакистан) жана ШКУга байкоочу мамлекеттин (Монголия) компетенттүү органдары;
КМШнын 10 уставдык жана тармактык органдарынын жумушчу түзүмдөрү;
8 эл аралык уюмдардын аткаруу органдары;
3 илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдары.
Конференциянын катышуучулары КМШга мүчө-мамлекеттердин терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө, компетенттүү органдар менен эл аралык уюмдардын, анын ичинде маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатууга багытталган иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Конференциянын жыйынтыгы боюнча Корутунду документ кабыл алынды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="203049,203050,203051"]