"Бийликтен реакция күтөбүз". Бишкекте өтүп жаткан жаңы Конституцияга каршы митинг жыйынтыкталды
Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы Ак үй имаратынын алдында өткөн Конституциянын жаңы долбооруна каршы, Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган жана президенттин бийлигин сындап чыккан митинг саат 13:00гө жакын жыйынтыкталды.
Уюштуруучулар эгер бийлик тараптан эч кандай реакция болбосо, алар нааразычылык акциясына байма-бай чыгышаарын билдирип, узашты. Митингге жалпы жонунан 100дөй адам келип катышышты.
Алардын ичинен жарандык активисттер менен катар саясатчылардан Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов катышты.