SerepTV Logo

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди. Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат алуу үчүн ыкчам жыйынга чогулууда. Алар чек арадагы чырды жабык эшик артында талкуулашат. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, президент Садыр Жапаров дал ошол жыйынга катышып жатат.