SerepTV Logo

Бишкек шаардык соту Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтырды

Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын адвокатынын айтымында, мындай чечимди сот бүгүн чыгарган.

Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелип, 26-январда камакка алынган болчу.

Ал эми 29-январда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралган. Анын жыйынтыгында Абылгазиев 26-мартка чейин камакта калтырылган болчу.

edita