SerepTV Logo

Бишкек шаардык соту: "Кубанычбек Жумалиев камакта калтырылды"

Бишкек шаардык соту: "Кубанычбек Жумалиев камакта калтырылды"
Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин иши каралып, жыйынтыгында аны камакта калтыруу чечими чыгарылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, соттун чечими боюнча Кубанычбек Жумалиев үстүбүздөгү жылдын апрель айына чейин Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсунда камакта болот. Учурда Жумалиевдин 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектиси жана ар кандай компаниялар, алардын катарында мурда ага менчиктештирүү жолу менен өткөн, анын туугандарына жана жакын адамдарына таандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталган. Белгилей кетсек, 4-февралда парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Анда ага сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш ачылган. Ошондой эле УКМКнын маалыматы боюнча Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган. Аны менен катар Жумалиев билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббирлөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен лицензияны мыйзамсыз алган. Мындан тышкары Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталган болчу.
Unknown Author