Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоо качан өткөрүлөт?
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган учурда тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып президент бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындоосу керек. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
«Мыйзамга ылайык, кайрадан шайлоо дайындалган күндөн тартып 40 күндүн ичинде өткөрүлөт», - деди ал.
Кечээ, 19-майда БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоону жараксыз деп тапкан чечимин күчүндө калтырды.