Бишкек шаардык кеңешине өткөн партияларга күрөө акчасы кайтарылбайт
Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо жеңип чыккан партияларга күрөө акчасы кайтарылбайт. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, 50 миң сомдук күрөөнү шайлоодо 15% жана андан жогору добуш алган саясий уюмдар кайтарып ала алат. Бул "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамда айтылган.
«Бирок Бишкек шаардык кеңешине өткөн бир дагы партия мынча добуш ала алган жок. Ошол себептүү алардын күрөө акчасы шаардык бюджетке кетет», — деп түшүндүрдү Кайрат Маматов.
Бишкекте жана Ошто шайлоого катышкан партиялар 50 миң сом күрөө коюшкан, ал эми башка шаарларда 20 миңден. Баш калаада мандат үчүн 25 партия ат салышкан. Ошондо шаардын казынасына 1 миллион 250 миң сом түшөт. Ошто «Ата Журт Кыргызстан» (47,99 %) жана «Улуттар биримдиги» (17,99 %) күрөөгө берген акчаларын кайтарып ала алат.