SerepTV Logo

НДПК Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттарынан кол жууп калышы мүмкүн

НДПК Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттарынан кол жууп калышы мүмкүн
Бишкек шаардык аймактык комиссиясы НДПКны Бишкек шаардык кеңешиндеги мандат алуу жарышынан четтетти. Чечимде шайлоо күнү, 11-апрелде Айбек аттуу адам ушул партияга добуш бергендерге 100 сомдон таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат. Ошол эле күнү Берналиев менен Абдыкадыров №29 мектептин жанынан (№1208 УШК) кармалган. Абдыкадыров Биринчи Май РИИБдин кызматкерлерине 2 миң сомун өткөрүп берген. Берналиевден 18 миң 799 сом акча алынган. Тергөө Абдыкадыров менен партиянын талапкерлеринин бири ортосунда байланыш бар экени аныктаган. АШК партиянын паракорчулукка тиешеси бар деп чечим чыгарган. Саясий уюм өзү бул чечимди негизсиз деп атап, сотко кайрылганы жатат. 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешине алты, Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн.
edita