SerepTV Logo

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Капиталдык курулуш башкармалыгынын жаңы начальниги болуп Арымбаев Эрмек Мукалыкович дайындалды. Буга чейин ал ушул эле башкармалыктын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
edita