SerepTV Logo

Бишкек мэриясы шаардык кеңеш менен пикир келишпестиги жоктугун билдирди

Бишкек мэриясы шаардык кеңеш менен пикир келишпестиги жоктугун билдирди
Муниципалитет жергиликтүү кеңеш менен конструктивдүү түрдө иш алып барууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. "Бүгүнкү күндө, биздин негизги милдеттерибиз – жергиликтүү бюджетти көбөйтүү, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы жолдорду жана социалдык объекттерди куруу, борбор калаанын жашыл аймагын жакшыртуу, инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу, калктын аз кыймылдуу топторунун муктаждыктарын эске алуу жана башка бир катар маселелерди чечүү. Биздин максат – чечимдерди биргеликте кабыл алуу жана бир багытта иш алып баруу", - деп жазылат билдирүүдө. Мэрия кээ бир депутаттардын жекече аракеттери Бишкек шаардык кеңешинин жалпы саясатын чагылдырбаарын кошумчалашты. Бүгүн, 30-январда шаардык кеңештин жыйынында мэр менен депутаттардын ортосунда кайым айтышуу болгон. Анда мэр Айбек Джунушалиев "Иштейбизби же силердин алдыңарда отчет берип отура беребизби?" деп жыйындын ортосунда чыгып кеткен.