Бишкек АШК 8 партиянын «Ата Журт-Кыргызстан» боюнча билдирүүлөрүнө түшүндүрмө берди
Кечээ, 20-апрелде 8 саясий партия «Ата Журт Кыргызстан» партиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу жок экендигин билдиришкен эле. Бул боюнча Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы түшүндүрмө берди.
"Ата Журт-Кыргызстан" 26-февралда мамлекеттик кайра каттоодон өткөн, бул саясий партиянын алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн күнү 1999-жылдын 22-сентябры деп көрсөтүлгөн. 11-мартта Бишкек АШКсы №16/4 чечими менен "Ата Журт-Кыргызстан" тарабынан көрсөтүлгөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттаган. Бул саясий партиянын тизмесин каттоо "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49 жана 53-беренелерине ылайык жүргүзүлгөн.
7-апрелде "Айкөл Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Бакыт Керимбеков Бишкек АШКсына "Ата Журт-Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылып, бул саясий партия шайлоо дайындалганга чейин 6 айдан аз убакыт мурда кайрадан каттоодон өткөн, бул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз болот деп көрсөткөн. 8-апрелде Бишкек АШК №35/5 чечими менен анын арызын канааттандыруудан баш тарткан.
10-апрелде Бакыт Керимбеков Бишкек АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-апрелдеги №61 чечими менен "Айкөл Кыргызстан" саясий партиясынын арызынын талаптары Бишкек АШКнын чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө байланыштуу четке кагылды.
“Айкөл Кыргызстан” саясий партиясы Бишкек шаарынын Административдик сотуна административдик доо менен кайрылган. 16-апрелде Бишкек шаарынын Административдик соту шайлоо комиссияларынын талашкан чечимдеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн белгилеп, "Айкөл Кыргызстан" саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты", - деп айтылат маалыматта.