Беш жыл ичинде Садыр Жапаровдун референдум тууралуу ою кандай өзгөрдү?
11-апрелде өлкө аймагында"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча референдум өтөт. Референдумду дайындоо мыйзамына 12-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон. Кийин БШК бул иш-чараны өткөрүүгө өлкө казынасынан 55 миллион 642 миң 300 сом бөлүнгөнүн жарыялаган.
21-мартта кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап жатып, Садыр Жапаров "быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз. Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун — жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат" деп билдирген. Мындан 5 жыл мурун ошол эле Садыр Жапаров референдум өткөрүү тууралуу такыр башка ойдо болчу. Муну анын ошол жылдары Фейсбукка калтырган билдирүүлөрү айгинелеп турат.