SerepTV Logo

Бектур Асанов мөөнөтсүз деп баштаган ачкачылык акциясын 2 күндөн кийин токтотту

Бектур Асанов мөөнөтсүз деп баштаган ачкачылык акциясын 2 күндөн кийин токтотту
Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Бектур Асанов ачкачылыгын токтотту. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. “Мен 27-ноябрда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаганмын. Эки суткадан кийин достор, коллегалар, санаалаштар келип суранышканына  байланыштуу ачкачылыкты токтоттум”, - деп жазган Асанов. Саясатчы ачкачылык акциясын президенттик шайлоого катыша албай калганы үчүн баштаган эле. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы соттуулугу жоюла электигине байланыштуу Бектур Асановго документтерин кайтарган.
admin@supertv.kg