SerepTV Logo

УКМКдан кеткен Бекбосун Апсатаров президенттин администрациясына барды

УКМКдан кеткен Бекбосун Апсатаров президенттин администрациясына барды
Медербек Сатыев президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Маалыматка караганда, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович президенттин администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.