Бейшеналиев: "Алты жарым ай иштеген кызматтан кетип жатып элге ыраазычылык билдирем"
Кечээ, 5-майда өкмөт Министрлер кабинети болуп өзгөрүп, анын мүчөлөрүнүн тизмеси жарыяланган учурда Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев кызматтан бошотулганы маалым болгон. Ал бүгүн, 6-майда буга байланыштуу соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады.
"Алты жарым ай иштеген жооптуу кызматтан кетип жатып жалпы элиме ыраазычылык билдиргим келди. 2020-жылдын 13-октябрь күнү өлкөбүздө саясий абал курч болуп турган кезде эң маанилүү тармак болгон Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп дайындалдым. Ошондой эле, пандемияга байланыштуу окуу процесси 100 пайыз онлайн жүрүп жаткан оор болуп турган мезгилде келдим. Мамлекетимдин бюджетинин ири бөлүгүн алган менен билим, илимдеги өнүгүүгө тыйын бөлүнбөгөн финансылык тартыштык маселеси турду.
Ага карабастан элдин колдоосу, мугалим, педагог, илимпоздордун күжүрмөндүгү менен позитивдүү маанайда иш алып барганга аракет кылдык. Бул мөөнөттө колдоо көрсөтүп, Билим, илим министри кызматын алып барышыма шарт түзгөн жалпыга терең ыраазычылык билдирем. Мага кабатыр болуп, пикир билдирип жаткан, колдоп жаткан замандаштарыма рахмат. Баары жакшы болот, мындан ары да колумдан келгенин өлкөм үчүн кылганга даярмын", - деп жазылат билдирүүдө.