SerepTV Logo

Базар-Коргондогу жетекчи «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерине үгүттөп, сөгүш алды

Базар-Коргондогу жетекчи «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерине үгүттөп, сөгүш алды
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге үгүттөө фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 10-ноябрда УКМК кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы тарабынан “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан талапкеринин пайдасына үгүт иштерин жүргүзүү фактысын аныктап, тиешелүү чараларды көрүү максатында Базар-Коргон РИИБ жана Тез жооп берүү координациялоо тобунун кызматкерлерине бул факты боюнча материалдарды өткөрүп беришкен. Базар-Коргон РИИБ бул фактыны 10-ноябрында маалымат журналына каттаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында башчы тарабынан үгүттөө фактылары тастыкталган, бирок Жоруктар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 2-бөлүгү боюнча текшерүү аракеттери токтотулган. Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына сөгүш жарыялады. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде жогорудагы адамдын аты-жөнүнүн баш тамгаларына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин аты-жөнү туура келет.