SerepTV Logo

"Баткендин элин сыйлабайсыңарбы?" Министрлер кабинети чек ара маселесин талкуулоого даяр эмес

"Баткендин элин сыйлабайсыңарбы?" Министрлер кабинети чек ара маселесин талкуулоого даяр эмес
Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттар Министрлер кабинетине Баткен облусундагы кырдаал боюнча маселени карайлы деген сунушту киргизишти. Бирок министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов бул маселени башка күнгө жылдырууну сунуштады. Анын айтымында, жооптуу тараптардын бардыгы учурда Баткен облусунда. Бул боюнча депутат Айсулуу Мамашова Алмасбек Абытовго чиновниктердин бардыгы кечээ, 5-майда Конституцияга кол коюу аземине барганын айтып нааразычылыгын билдирди. "Алардын ою боюнча Баткенде болгон окуя анчалык маанилүү эмеспи? Ушунча Баткендин элин сыйлабайсыздарбы? Кичине башыңызды ийип, келиш керек, талкуулаш керек дебейсизби! Жоопкерчиликти бирөө алышы керек да. Биз бул маселеден качып жүрө беребизби? Элди сыйлагыла. Ушунча жаманчылыкты башынан өткөргөн элди сыйлабагандын түбү ушул болуп жатат. Бир аз Кудайдан коркпойсуңарбы!" - деди ал.
edita