SerepTV Logo

Баткен облусунун өзүнүн өкмөтү болушу мүмкүн

Баткен облусунун өзүнүн өкмөтү болушу мүмкүн
Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин талкуулоонун алкагында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн милдеттерин жана  укуктарын күчөтүү сунушу каралууда. Анын ичинде регионалдык өкмөттү жана аймактык кеңешти түзүү да пландалып жатат. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев бүгүн, 10-мартта өткөн онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында, атлаган сунуштар учурда талкууланып жатат. Ошондой эле Иманалиев Баткен облусуна өзгөчө статусту иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча чечим кабыл алынгандыгын эске салды. Анын айтымында бул статус региондогу башкаруу түзүмүн жана бюджетин өз алдынча түзүүгө мүмкүндүк берет. “Аймактын өзгөчө статусу башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда калктын катышуусун камсыз кылуу маселелерине таасир этет. Бул калк менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы диалогго жана кайтарым байланышка тиешелүү. Атайын статус өз ичине социалдык-экономикалык өнүгүүнү, жумушчу орундарды түзүп берүүнү камтыйт. Ошондой эле, губернатордук институттун ыйгарым укуктарын күчөтүү, аймактык өкмөттү - аймактык кеңешти түзүү маселелерин талкууланууда”, - деп билдирди ал. Баткен облусу өлкөнүн эң көйгөйлүү аймагы. Мамлекеттик чек аранын айрым участокторун демаркациялоо жана делимитациялоо маселеси чечиле электигинен, бул жерде чек ара чыр-чатактары көп кездешет.    
Unknown Author