SerepTV Logo

Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына кимдер кирди?

Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына кимдер кирди?
28-30-апрелде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Анын курамына киргендер: — Премьер-министр, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; — 28-30-апрелде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү; — Экономика жана финансы министринин биринчи орун басарлары; — Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары; —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; — Ички иштер министринин биринчи орун басары; — Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; — Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; — Коргоо министринин орун басары; — Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; — Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары; — Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары; — Билим берүү жана илим министринин орун басары; — өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; — Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; — Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.
edita