Башкы прокурор коррупциялашкан министрликтерди атады. Алар кайсылар?
Башкы прокуратура былтыр мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин талдап-иликтеп чыккан. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, өтө коррупциялашкан 5 министрлик бар.
"Мамлекеттик каттоо кызматы, Транспорт жана жолдор министрлиги, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги паракорчулукка байланыштуу сап башына чыккан. Бул мекемелерде жалпысынан бир жылдын ичинде 42 факты катталган. Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп, эл менен иштейт. Түрдүү коррупциялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бүгүнкү күндө жашыруун эмес, бардык органдар коррупциянын сазына баткан", - деди ал.