SerepTV Logo

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти
Башкы прокурору Курманкул Зулушев 16-июндан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Ошондой эле, аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды. Буга чейин президенттин тескемеси менен Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилген. Буга Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон 7 кылмыш иши негиз болгон. Бүгүн, 16-июнда Бейшеналиев үй камагына чыкты.