Башкы прокуратура Тилекмат Куреновду үй камагына чыгарышы мүмкүн
Башкы прокуратура жарандык активист Тилек Кудайбергеновдун (Тилекмат Куренов) баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында баш прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында, активист бийликти кулатуу тууралуу чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү өзү жазып жүргөнүн мойнуна алды. Депутат Мирлан Жээнчороев Кудайбергеновдун күнөөсү бары-жогун сот аныкташы керектигин билдирди. Анын айтымында, баш коргоо чарасын камакка алууга байланышпаган чарага деле алмаштырса болот.
Кудайбергенов 15-мартка караган түнү кармалган. 9-мартта ал Баш мыйзамдын жаңы редакциясына каршы өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болгон. 17-мартта активистти бир айга СИЗО-1ге киргизишкен.