Баш прокурорго райсоттун митинг өткөрүүнү чектеген чечимине протест берүү сунушталды
Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңеште депутат Биринчи Май райондук сотунун митинг өткөрүүгө чектөө коюу жөнүндөгү чечими мыйзамсыз экенин эскертти.
Эл өкүлү Алмаз Токторов башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, райондук сотунун бул чечими боюнча көз карашын сурады.
"Митинг өткөрүүгө чектөөлөрдү киргизүү - бул соттун чечими. Аны мыйзамдуу, же мыйзамсыз деп сиздер менен талкуулоонун өзү мыйзамсыз болуп калат. Себеби жогорку инстанцияларга арызданып, чечим жокко чыгарыла элек. Кандай жүйөө келтиргенин өзүңүздөр окудуңуздар. Менимче, жергиликтүү бийлик тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо максатында сотко берилген болуш керек", -деди Зулушев.
Алмаз Токторов прокуратурада "протест" деген норма бар экенин, баш прокурор бул чечимге протест берип койсо болмоктугун белгиледи.
"Эки Конституцияда тең жарандар митинг өткөрүүгө укуктуу экени жазылып турат. Адамдарда эркиндик болушу керек. Ушуну да митингдерде сигнал катары айтып жатышпайбы, узурпация башталды деп", - деди депутат.