Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы митингде бийликке төрт талап коюлат
Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, “Ханституцияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов Сереп Медиа маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, митинг тынч өтүп, 4 негизги талап коюлат:
- Легитимсиз парламентти каржылоо токтотулсун.
- Легитимсиз парламент тарасын.
- Парламентке жаңы шайлоо өтсүн.
- Шайлоо аркылуу келген жаңы парламент Конституциянын жаңы редакциясын коомчулукка алып чыксын.