SerepTV Logo

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду
Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. "Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесине ылайык Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Кермалиев Султан Шарипканович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
altinay