SerepTV Logo

Балбак Түлөбаев кызматтан кеткенинин себебин айтты

Балбак Түлөбаев кызматтан кеткенинин себебин айтты
Бүгүндөн тарта Бишкек шаарынын мэринин милдетин 44 жаштагы ишкер Эрмек Нургазиев аткарып жатат. Жамаат менен коштошкон Балбак Түлөбаев журналисттерге кызматын тапшырганынын себебин айтты. Анын айтымында, кечээ премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушуп, өз каалоосу менен жазган арызын тапшырган. «Мени кет деп эч ким мажбурлаган жок. Президент кызматта кал деди. Мен оорусам да иштеп жүргөм. Ооруканага жатып дарыланам. Бул кызматка Садыр Жапаровдун сунушу менен убактылуу келгем. Менин миссиям аяктады деп ойлойм. Президент шайланды, бийликтин бардык бутагы бекиди», - деди Балбак Түлөбаев. Ал 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышпай турганын айтты.
edita