Балбак Түлөбаев: "Жаңы мэрдин милдетин аткаруучуга өз сунушумду айтып кетем"
Бүгүн, 9-февралда буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Балбак Түлөбаев маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Маалымат жыйында СЕРЕП МЕДИА агенттигинин кабарчысы ага “Сиз буга чейин мыйзамсыз салынган үйлөрдү ачыкка чыгарам деп айтканыңыз бар. Бирок жаңы мэрдин милдетин аткаруучунун өзүнүн курулуш компаниясы бар. Сиз сөз берген нерсе ачыкка чыкпай калбайбы?”,- деген суроо узатты.
“Жаңы мэр биякка келатканда (кызматка) бардык юридикалык компаниясын өткөрүп берип келиши керек дагы шаарга шамал келе турган жерлерди токтотуп аткан нерселердин жолун ачыш керек. Ишенем мен ага ошолорду жасайт деп. Мен өз сунушумду айтып кетем”, - деп жооп берди Түлөбаев.