SerepTV Logo

Балбак Түлөбаев: "Хайппы" же жокпу билбейм, бирок бир жолу коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылгам"

Балбак Түлөбаев: "Хайппы" же жокпу билбейм, бирок бир жолу коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылгам"
Пенсия реформасы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун «Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес» деп айтканы сынга кабылды. Кийин ал бул сөзүн элдин көңүлүн бурдуруу максатында айтканын түшүндүрдү. SUPERTV «Учурда сөз болуп жаткан пенсия реформасын колдойсузбу же каршы болосузбу? Элдин көңүлүн бурдуруу максатында сиз эмне кылдыңыз эле?» деген суроо менен депутаттарга кайрылды. Депутат Балбак Түлөбаев пенсия реформасы боюнча азырынча эч нерсе айтпарын, окуп жатканын билдирди. Ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир жолу коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылганын айтты. "Мен аны "хайппы" же жокпу айта албайм, бирок бир жолу болгон. "Кумтөр" кенине байланыштуу болгон. Мен айтып, бирок андай эмес болчу да. Бирок "Кумтөрдү" элге алыш үчүн айтыш керек болгон", - деди ал. https://youtu.be/j3WdLNT9Cn8