Талас облусуна жаңы жетекчи болуп жээнбековчул адам дайындалды
Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Жаңы жетекчи Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында туулган. Адистиги боюнча экономист. Экономика илимдеринин кандидаты. Жубайы экөө 1 уул, 3 кыздын ата-энеси. Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.
Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин Таласка жетекчи болуп дайындалган Айбек Бузурманкулов 5-мартта кызматынан бошотулган.