SerepTV Logo

Бакыт Төрөбаев: "2016-жылы жаңы Конституцияны кабыл алып жатканда да дал ушундай "изнасилование" болгон"

Бакыт Төрөбаев: "2016-жылы жаңы Конституцияны кабыл алып жатканда да дал ушундай "изнасилование" болгон"
2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип жатканда да дал ушундай мыйзам бузуулар болгон. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта депутат Бакыт Төрөбаев жыйында билдирди. Анын айтымында, эгер жаңы Конституция туура эмес болсо, бир же жарым жылдан кийин аны кайра өзгөртүүгө туура келет. "2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизип жатканда биз ушул жерде, парламентте, чырылдаганбыз. Ошондо да айтканбыз, мажбурлап өткөрүп атасыңар, мыйзам бузуу менен өтүп атат деп. Мына эми жаңы Конституция келди. Эмне өзгөрүү болду? Рыскелди Чыныбекович айтып кетпедиби "изнасилование" боюнча, 2016-жылы жаңы Конституция кабыл алынып жатканда да дал ушундай  "изнасилование" болгон. Эми 80 пайыз добуш берген элди сыйлайлы да. Эгер тууура эмес болсо, жарым жылдан кийинби же бир жылдан кийинби Конституцияны кайра өзгөртөбүз. Эгер туура эмес иш жасаса мына биз чыгабыз", - деди ал. Бакыт Торөбаевдин айтымында, бул долбоор каралып жатканда парламентке президент, башкы прокурор, Жогорку Соттун төрагасы да келиши керек.
edita