SerepTV Logo

"Байланышпай эле коёюнчу". Сузакта мугалимдерди сындаган окуучу кысымга туш болуп жатканы айтылды

"Байланышпай эле коёюнчу". Сузакта мугалимдерди сындаган окуучу кысымга туш болуп жатканы айтылды
Сузакта бүтүрүүчү ачуу чындыкты айтып, кайра эртеси күнү ал жигитти "пранк" деп айт деп, четке кактыртты. Бул тууралуу комитет жыйынында депутат Аида Исатбек кызы айтып чыкты. "Эмнеге пранк дегенин биз да түшүнбөй калдык. Ал районго чалып, ошол мектеп менен иштегиле, эгер директор милдетин аткара албаса, күчтөнтөлү, карап көрөлү дегенбиз. Баланын айтканын терс кабыл албаш керек. Ага туура анализ кылыш керек. Көйгөй болсо, анын үстүнөн иштеш керек", - деди билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.  "Телефон чалсак, "Байланышпай эле коеюнчу. Мага кысым болуп жатат" деди. Бул жерге жергиликтүү бийликтин да тиешеси бар экен. Бул пранк болсо дагы, чындык бар. Биз баланы колдоп, иш алып барсак, жакшы болмок", - деди эл өкүлү. 16-июнда социалдык тармактарга Акыркы коңгуроодо мугалимдерин сындаган бүтүрүүчүнүн видеосу жарыяланган болчу. Ал видеодо мектепте окуш керек болгону үчүн жүргөнүн айтып, айрым мугалимдерден спирт жыттанарын айткан. Бул видео коомчулукта талкуу жараткан. Кийинчерээк окуучу айтылгандар пранк экенин билдирген.