"Аягы суюк кайнене келининен шек санайт" болуп жатат". Садыр Жапаров министрликке өткөн ишканалар боюнча оюн айтты
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде “Мегаком”, “Кыргызтелеком”, “Дастан”, Евразиялык банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүшү боюнча өз оюн айтты.
"Одоно айтсам кечирип коюңуздар. Улуу сөздө уят жок, "Аягы суюк кайнене келининен шек санайт" болуп атат. Мен жогоруда 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан уурдап жүргөндөр бар деп айтпадымбы. Ошолор баягы өздөрүнүн жасап жүргөн схемасын жасаганы жатышат деп шек санап жатышса керек.
Анда эмесе толук түшүндүрүп берейин. Мен кызматка киришкенден баштап, Сооронбай Шарипович эмне үчүн үч жыл бою "цифровизация, цифровизация" деп сайрап жүрүп, жасай албай кетти деп мунун өзөгүн изилдеп чыктым. Көрсө, баары чачыранды болгондуктан, бири-бирине баш ийбей, ар ким өзүнчө чоң болгусу келип, анысы аз келгенсип “цифровизация” иштеп кетсе көпчүлүк мекемелердин жетекчилери азыркыга чейин жеп жаткан “жемдеринен” куржалак калышат экен. Ошол үчүн бүгүнкү күнгө чейин министрлер эле эмес, мекемелердин жөнөкөй адистери дагы бут тосууларды жасап келишет. Ушул эле мекемелердин айрым өкүлдөрү кабыл алуума келип, баарын бир министрликке топтобош керек деп шылтоолорун айтып ыйлашса, жанына киши тура албайт. Биз ары жагында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар экенин билип койдук. Ошолор эле депутаттарга барып, баштарын айлантып жатышы мүмкүн. Депутаттар ишенип алышып, трибунадан кыйкырып кое беришет. Айрым учурларда өз кишисин министр кылам же ошол “Дастанга” жетекчи кылып алып барам деген ойлору да болушу мүмкүн. Парламенттин табияты ошондой.
Эки ай мурда адистерди топтоп, кандай кылганыбызда бир жылдын ичинде “цифровизацияны” киргизебиз деген теманы талкууладык. Акыр аягында ушундай жыйынтыкка келдик. "Дастан", "Кыргызтелеком", "Альфателеком", "Евразия сактык банкы" баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан.
Эң негизги себеби Кыргызстандагы санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максаты менен байланышкан.
Бул чечимди ишке ашыруу менен мамлекет төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:
1) "Дастан" ачык акционердик коомунун милдети:
- маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча 2 мамлекеттик борбордун (МИЧ) ишин камсыздайт;
- менин көрсөтмөм боюнча түзүлгөн маалыматтык системаларды жана жаңы санариптик платформаларды үзгүлтүксүз интеграциялоону камсыздайт;
- мамлекеттик ишканалардын ортосунда учурдагы жүктөмдү эске алуу менен колдонуудагы эсептөө инфраструктурасын жана маалыматтарды сактоо системаларын бөлүштүрүүнү камсыздайт;
- өлкөнүн маалымат борборлорунун сапаттуу курулушун камсыз кылат;
- өлкөдөгү юридикалык жана жеке жактар үчүн санариптик кызматтарды түзөт;
- байланыш жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдигине бааларды оптималдаштырат жана өлкөнүн санариптештирүүгө корогон чыгымдарын азайтат, консолидациялайт;
- Дата-борбор бардык маалыматтык системаларды консолидациялоого, алардын коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн маалыматтык коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
- Бул акционердик коомдордун алкагында Кыргыз Республикасында санариптештирүү процесстеринин бирдиктүү башкаруу борбору түзүлөт;
- Ал өз карамагына бирдиктүү платформа жана санариптик чечимдердин архитектурасын камтыйт;
- санариптик системаларды өнүктүрүүгө багытталган тендердик документтерди даярдоо боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт;
- санариптик платформалардын бардык элементтерине маалыматтардын жүктөлүүсүн өлчөйт;
- маалымат агымдарын жана байланыш каналдарын башкаруунун бирдиктүү борбору катары кызмат өтөйт;
- мамлекеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтик саясатты оптималдаштырат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун жабдуунун консолидацияланган муктаждыгын калыптандырат;
- байланыш каналдарын оптималдаштырат;
- кызматкерлердин санын азайтып, компаниялардын мүмкүнчүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырат;
- Республикада толук кандуу санариптик банкты куруу учурдун талабы. Аны ишке киргизүү менен биз төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болобуз: