Аскар Акаев: "Майрам Акаева бир дагы кадр маселесине, бир дагы мамлекеттик ишке киришчү эмес"
Майрам Акаева бир дагы кадр маселесине, бир дагы мамлекеттик ишке киришчү эмес. Бул тууралуу мурунку президент Аскар Акаев "Автор ТВга" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындан сөздөр жөн гана каралоо.
"Куру каралоолор ошол 2005-жылы башталды. Бул атайын саясат болду. Себеби мени президент катары, Майрам Акаеваны, балдарымды, үй-бүлөмдү каралап, эл ичиндеги ишенимди, кадыр-баркыбызды жоготуп, иши кылып Акаевди Кыргызстандын биринчи 15 жылдагы тырыхынан чийип салуу эле",- деди ал.