"Аша чапкан жерлери көп". Момбеков "Кумтөр" боюнча комиссиянын жыйынтыгы менен макул эмес
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча баяндама жасап, "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады.
"Мамлекеттик комиссиянын корутундусун жарым-жартылай гана колдойм. Кечээ 9 барактан курган корутундуну окусам, бүгүн 38 барактуу корутундуга кол коюп бердим", - деп нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаты, мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков төрагадан 10 мүнөт сурап алды.
"Токтом долбоору тарыхый документ. Ошол тарыхый документте тарых так сакталышы керек. Дал ушул документте көп адамдардын, мамлекеттин тагдыры чечилет. Мен сунуш менен чыктым. Элдин башын ары-бери жакка бурмалабай ачык эде айталы да. "Кумтөр" менен эки гана келишим болгон. 2003-жылы кабыл алынган чечим, анан 2009-жылкы кабыл алынган конституциялык чечим. 2020-жылдын октябрында келген бийликти актап, калгандарынын баарын чыккынчы кылып салдык да. Чыккынчы деп атап да салдык. Бирок алардын чыккынчы деген аныктамасы жок. Чыккынчы деп бир гана сот берсе керек эле. Мен ушуга нааразымын", - деди ал.
Анын айтымында, 2009-жылы өкмөттө анан Жогорку Кеңеште иштегендер чыныгы чыккынчылар.
"Эгер Жээнбеков, Атамбаев чыккынчы болсо, анда алар менен иштешкендердин бардыгы ушул жерде отурат да (ред. парламенттин жыйындар залында). Мен доо коюлуп жаткан акчаны "Кумтөрдөн" өндүрүп аларыбызга ишене албайм. Өндүрсөк жакшы болмок, Кытайдын карызынан кутулсак, ар бир кыргыз алтын аяктан суу ичип кутуруп калсак. Бирок менин пикиримде мунун баары жомок. Мына кечээ түнү "Центерра" арбитраждык сотко берди. Азыркы соттошуу деле коштошуу эмес. Бул достошуу", - деди ал.