SerepTV Logo

Арзыбек Кожошев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Арзыбек Кожошев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жарлык менен анын талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизүү жөнүндө токтом кылынат.