SerepTV Logo

Арзыбек Бурканов өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан бошотулду

Арзыбек Бурканов өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан бошотулду

Бурканов Арзыбек Орозматович премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Бурканов 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп иштеген. Мындан сырткары, 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
edita