Артем Новиков Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды
Азиз Аалиев Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Буга катар Артем Новиков 3 жылдык мөөнөткө аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Новиков жаңы кызматка дайындалуу менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан кетти. Ал өкмөткө октябрь айындагы окуялардан кийин келген эле. Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкер болуп катталган кезде өкмөт башчынын милдетин аткарган. Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан учурда кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, анын башчылыгына Артем Новиков дайындалган болчу.