Артем Новиков кыздарды ала качкандарга мыйзамды катаалдаштырууну сунуштады
Биринчи вице-премьер Артем Новиков ала качуу окуялары адам уурдоо катары кабылданышы үчүн мыйзамды катаалдаштырууну сунуштады. Ал бул тууралуу 12-апрелде өкмөттө өткөн кеңешмеде айтты.
«Айзада аттуу жаш кыздын кайгылуу окуясы эч кимди кош көңүл калтырган жок. Тилекке каршы, бул окуя жалгыз эмес. Ала качуу окуялары адам уурдоо катары кабылданышы үчүн мыйзамды катаалдаштыруу зарыл. Кылмыштардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну күчөтүп, административдик камоолонун мөөнөтүн жогорулатып, ошондой эле балдарга убактылуу камкордук көрүүнү расмий тариздөөсүз жарандардын өлкөдөн 30 күндөн ашуун мөөнөткө чыгуусуна тыюу салуу керек», — деди Артем Новиков.
5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 2 күндөн кийин Бишкектин өйдө жагындагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган. Ага чейин милиция кызматкерлери кызды "ала качып кетти" деп, издөөгө кайдыгер карашканы айтылган.