SerepTV Logo

Артем Новиков “жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр болбошу керек” дейт

Артем Новиков “жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр болбошу керек” дейт
Калкты кыш мезгилинде электр энергиясы менен камсыздоо маанилүү. Биз тургундардын электр энергиясыз калуусуна жол бербешибиз керек. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков энергетикалык тутумдун үзгүлтүксүз ишин талкуулоо боюнча кезексиз кеңешменин жүрүшүндө билдирди. «Күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүүдө. Электр энергиясын керектөө жогорулады, бул энергетикалык тутумдагы аварияларга алып келүүсү ыктымал. Керектөө көлөмүн кыскартуу зарыл», - деди Новиков. Суукка байланыштуу күн сайын белгиленген лимит сакталбай жатканы айтылды. Акыркы күндө эле план боюнча каралган лимиттен керектөө 8 миллион киловатт-саат ашып кеткен. «Бишкектеги жаңы жылуулук электр борбору толук иштебей турат. Анын  экинчи гидроагрегатын ишке киргизүүгө мезгил келип жетти. Жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр болбошу керек», - деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу. Новиков дароо катуу суук болгондо жарыксыз калган Ак-Жар конушунда жакынкы аралыкта кошумча линиялар куруларын билдирди.
admin@supertv.kg